• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун айыл өкмөттөрү 7 млн сомдук грант утуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун айыл өкмөттөрү жети млн сомдук грант утуп алышты. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунан билдиришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында 2022-жылга Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында, чакан гранттарды алууга конкурс жарыяланган.

Конкурска айыл өкмөттөрдө жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча долбоорлор жазылган. Гранттык комиссиянын жыйынтыгы чыгарылып, 21 айыл өкмөт жеңүүчү болуп табылды.

Жеңүүчүлөргө айыл өкмөттөрдө “Бирдиктүү терезе” кызматын уюштуруу үчүн оргтехникаларды алууга, ирригациялык тармактарта сугат түтүктөрүн курууга, бала-бакчаларды оңдоо жана жакшыртууга, айылдык клубдарга музыкалык аппартура, фитнес клуб уюштуруу үчүн спорттук инвентарларды сатып алуу сыяктуу долбоорлорго жалпы жети миллион сомдук чакан гранттардын сертификаттары тапшырылды.

Долбоордун негизги максаты — жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга методикалык жардам катары “Кызматтарды жакшыртуу аракеттер планын” даярдоону, аны ишке ашырууну, жакшыртылган кызматтардын туруктуулугун камсыздоону жана финансылык отчетторду даярдоонун тартиптерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына жайылтуу камтылган.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясаты институту уюмдарынын консорциумунда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан ишке ашырылып келет.

Пикир

Оставить комментарий