• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн баштап Ысык-Көл облусундагы мектептер иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-январдан баштап Ысык-Көл облусундагы мектептер иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун облус жетекчиси Элчибек Жантаев район, шаар жетекчилери жана тиешелүү облустук башкармалыктардын башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жыйында 12-январда облус аймагында окуу процессинин башталышы, облустук бириккен оорукананын электр энергиясы менен камсыздоододогу көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Андан тышкары, Каракол шаарындагы “Макиш” базарынын аймагындагы тез тамактануу пунктундагы жарылган газ баллондун кесепеттери тууралуу маселелер каралып, тиешелүү жетекчиликтерге протоколду тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий