• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Дарыгерлер Индияга барып тажрыйба топтоп келишет

Аймак 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 11-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту. Бул тууралу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча сөз болуп, шаар мэри индиялык инвесторлор менен иштешүүгө кызыктар экендигин айтты.

Негизинен Ошто тоо балын өндүрүүчү ишкана ачуу сунушу айтылды. Бул атайын бизнес-план даярдалып, сунушталат.

Мындан тышкары экотуризм, кино тармагында кызматташуу боюнча сөз болду. Индия элчиси Кыргызстандын жерлери кооз жана ыңгайлуу экендигине токтолуп, кино тартуу боюнча кызматташууга болоорун билдирди.

Шаар мэри Т. Сарыбашов Оштогу дарыгерлерди Индиядан тажрыйба алып келүүгө жөнөтүү боюнча да макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий