• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда күздүк себүү башталды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда күздүк себүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн 6 миң 991 га жерге күздүк себүү пландалды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миң 984 гектарга көп.

Учурда Кадамжай районунда 22 га жерге күздүк эгин себилди. Күздүк себүүнү утурлап, Кадамжай районунда түшүмдүүлүктү арттыруу максатында дыйкандарга үрөндү туура тандоо, органикалык жер семирткичтерди колдонуу боюнча окутуулар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий