• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий