• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Саясат 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. БШКга президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөткөн жараны, 1968-жылдын 6-декабрда туулган, убактылуу иштебеген - Садыр Жапаров арыз келип түштү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 20-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

– Президенти кызматына талапкер катары 28 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, С.Н. Жапаров).

–Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»).

Пикир

Оставить комментарий