• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Макеев Австриянын Федералдык президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда Хофбург сарайында Австриянын Федералдык президенти Александр Ван дер Белленге элчи Толенды Макеевдин ишеним грамотасын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Белгиленгендей, 2022-жылы Кыргызстан менен Австрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет. Буга байланыштуу, Кыргызстандын Венадагы элчилиги Европа жана Эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлиги менен бирдикте юбилейлик жылда Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүүнүн үстүндө иштерине, атап айтканда, өз ара уюштуруу, жогорку деңгээлдеги сапарлар, ТИМдин консультацияларын үзгүлтүксүз өткөрүп туруу макулдашылды. Элчи Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча биргелешкен жол картасын иштеп чыгууга даяр экенин баса белгиледи.

Австриянын президенти 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоого көрсөткөн кызыгуусуна жооп кылып, ал өлкөдөгү учурдагы ички саясий абал жана демократиялык жана ачык шайлоо процессин уюштуруу үчүн тийиштүү органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Кызматташтыктын экономикалык аспектилерин талкуулоо менен, элчи экономикалык байланыштар боюнча Кыргыз-Австриялык комиссиянын 2020-жылы 7-отурумунун акыркы макулдашууларын толук ишке ашыруунун жана кийинки жолугушууга сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүү экенин айтты. Кыргызстан Австрия менен гидроэнергетика, санариптештирүү, туризм, айыл чарба тармагында кызматташууга жана австриялык алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Кыргыз тарап ушул жылдын 5-ноябрында өтө турган биринчи ЕУ-БA экономикалык форумунда Австриядан өкүлчүлүктүү расмий жана ишкер делегацияны күтөт.

Элчи Венадагы БУУ институттарынын алкагында көп тараптуу форматта практикалык кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын баса белгиледи. Эки өлкө тең глобалдык күн тартибинин көптөгөн темалары боюнча позициялардын биримдигин белгилешти, атап айтканда, айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климаттын өзгөрүшү.

Жолугушуунун аягында Австриянын Федералдык президенти Александр Ван дер Беллен элчи Т.Макеевге Кыргызстан менен Австриянын мамлекеттер аралык кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү үчүн алдыдагы жооптуу иште ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий