• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз улуттук драма театрынын оңдоо иштеринин акыркы этабы башталды

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ремонт иштеринин акыркы этабы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, театрдын имаратын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 млн 722 900 сом каражаты бөлүндү.

2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Пандемиядан улам, республикалык бюджеттен каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган.

Учурда театрдын чатырын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Театр 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Ремонт иштери жыйынтыкталган соң, театрдын түптөлгөнүнүн 95 жылдыгына карата ачуу пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий