• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кечээ, 15-февралда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттеришке ишеним грамотасын тапшырды.

Аида Касымалиева өзүнүн соцтармактагы жеке баракчасына жазгандай, ал ошондой эле КР президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берген.

Өз кезегинде Антониу Гутерриш аны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады.

"Ал ошондой эле президентке жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу келгенин жана кыргыз элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин өзгөчө белгиледи. БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий