• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулубаев ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Эртең, 10-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ереван шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ТИМКнин жыйынында эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ЖККУнун ишмердүүлүгү, ошондой эле Уюмдун кризиске каршы аракеттенүү механизмин мындан ары жакшыртуу маселелери талкууланат.

ЖККУ ТИМКнин жыйынтыгы боюнча Уюмдун алкагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий