• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ильхам Алиев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек. 06.12.23./Кабар/. Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Ушул маанилүү юбилейге – Сиздин туулган күнүңүздүн 55 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана чың ден соолук, узун өмүр жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалоолорумду кабыл алыңыз.

Сиздин чечкиндүү жетекчилигиңиздин аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылган жана эл аралык аренада кадыр-барктын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзгөн реформалар жана масштабдуу курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Бир тууган өлкөнүн бул ийгиликтери бизди абдан кубандырат.

Акыркы мезгилде биз жасаган өз ара сапарлар, жолугушуулар жана пикир алмашуулар мамлекеттер аралык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем бергендигин канааттануу менен белгилегим келет. Өз ара ишенимге жана колдоого негизделген, боордош элдердин эркин чагылдырган мамилелерибиздин кеңейишине, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн калыптанышына кошкон Сиздин чоң салымыңызды жогору баалайм.

Биз мындан ары да азербайжан-кыргыз мамилелеринин жакшы салттарын бекемдөө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди ырааты менен улантабыз деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий