• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Люксембургдун ТИМ башчылары кызматташтык маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 23.10.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Люксембург Улуу Герцогдугунун тышкы жана европалык иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушту.

КР ТИИден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн Люксембург шаарында ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү арттыруунун келечегин талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды, анын ичинде тышкы иштер министрликтер аралык кезектеги консультацияларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Көп тараптуу күн тартибинин алкагында тараптар эл аралык уюмдардын жана Евробирлигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Кыргыз-люксембург кызматташтыкты өнүктүрүү максатында министр Жээнбек Кулубаев маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий