• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу негизде, быйыл Польша төрагалык кылган ЕККУнун алкагында да өз ара аракеттенүү маселелерине токтолушту.

Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Кыргызстан ЕККУну ЕККУ мейкиндигинде коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча катышуучу-мамлекеттердин тең укуктуу жана өз ара сыйлуу диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу платформа катары карайт.

КР ТИМ башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүлбөс позициясын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашуу жана түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун графиги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий