• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Бахрейн жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары шейх Абдулла бин Ахмед Аль Халифа менен кыскача жолугушуу өткөрдү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин ар түрдүү чөйрөлөрдөгү учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча макулдашуу жетишти.

Сапарларга даярдык көрүүнүн алкагында тараптар эки тараптуу документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча жигердүү иштөөнү макулдашышты

Пикир

Оставить комментарий