• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ДССУ Кыргызстанга өзгөчө кырдаалда кечиктирилгис меджардам көрсөтүү үчүн комплекттерди берди

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандагы Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз берди.

Уюмдан билдиришкендей, гуманитардык жардам атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттерди камтыйт.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында 100дөн ашык адамга жаракат алган учурларда жана хирургиялык патологияларда медициналык жардам көрсөтүүгө болот.

Жүктүн жалпы баасы 37 миң АКШ долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий