• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мелис Аспеков №1 тергөө абагына камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 30.09.23. /Кабар/. Активист Мелис Аспеков массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып, №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Ошентип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучу А.М.А.га карата (Мелис Аспеков) тергөө убагында, башкача айтканда, 2023-жылдын 27-ноябрына чейин Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде кармоо менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

Бир жылдан кийин Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылган. Аспеков үстүбүздөгү жылдын 23-майында президенттин “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы менен колониядан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий