• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жакынкы аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 30.09.23. /Кабар/. Жакынкы аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздугун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаардык милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын корутундусуна, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга ылайык, 2023-жылдын 20-апрелинде курулуш объектилеринин титулдук тизмеси түзүлдү, анын ичинде ушул максаттагы 28 объект бар.

Ошентип, шаардын төмөнкү көчөлөрүнүн кесилиштеринде жаңы светофорлор орнотулмакчы:

  • Тоголок Молдо - Саадаев көчөлөрү;
  • Байтик Баатыр – Скрябин көчөлөрү;
  • Байтик Баатыр - Жантөшов көчөлөрү;
  • Жунусалиев - Айни көчөлөрү;
  • П. Лумумба - Волков көчөлөрү;
  • Ч.Валиханов – Исакеев көчөлөрү;
  • Юнусалиев - Койбагаров көчөлөрү;
  • Юнусалиев - Жантөшов көчөлөрү;
  • Масалиев - Бакаев көчөлөрү;
  • Фрунзе - Төрөкул Айтматов көчөлөрү;
  • Токомбаев көчөсү, Асанбай паркынын каршысында (жөө жүргүнчү өтмөгү)
  • Фучик көчөсү, №1 шаардык ооруканасы (жөө жүргүнчү өтмөгү)
  • Өмүр – Алыкулов көчөлөрү;
  • Токтогул - Калык Акиев көчөлөрү;
  • Садыбакасов - Жайыл Баатыр көчөлөрү;
  • Л.Толстой - 7-Апрель көчөлөрү; (өтмөк)
  • Л.Толстой – Ибраимов көчөлөрү;(өтмөк )
  • Ауэзов - Кырман көчөлөрү;
  • Чүй пр. – Төрөкул Айтматов көчөлөрү;
  • Фатьянов - Кулатов көчөлөрү;
  • Байтик Баатыр, Дайыр Асанов атындагы парктын каршысы (жөө жүргүнчү өтмөгү);
  • Профессор Зима көч, Ак-Босого району № 101 орто мектептин жаны. (жөө жүргүнчү өтмөгү);


Эскерте кетсек, буга чейин төмөнкү кесилиштерде светофор объектилерин курууга тендер өткөрүлгөн.

  • Медеров- Матросов көчөлөрү;
  • Каралаев - Нуркамал көчөлөрү.

Учурда подрядчы менен келишим түзүү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, төмөнкү даректерде жайгашкан үч светофор объектисинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланды.

  • Абай - Горький көчөлөрү;
  • Чыңгыз Айтматов 93/1 – Безымянная көчөлөрү (Океев);
  • Токтогул - Раззаков көчөлөрү.

Белгилей кетсек, бул кадамдар коопсуз жана жалпы шаардык инфраструктураны түзүүгө, айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн да ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий