• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл жана Нарын облустарына сугат тармагын тейлөө үчүн техникалар берилди

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Ысык-Кѳл жана Нарын облусунун 4 райондук суу чарба башкармалыктарына атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалар "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында берилди.

Белгиленгенлей, аталган долбоор Ислам ѳнүктүрүү банкы жана Сауд ѳнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылууда жана Ысык-Көл облусунун Тоң менен Жети-Өгүз, ал эми Нарын облусунун Кочкор менен Жумгал райондорун камтыйт.

Ошентип, Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар, анын ичинде дөңгөлөктүү экскаватор, самосвал, өзү жүктөөчүсү менен өзү жүрүүчү бетон аралаштыргыч, кран манипулятор тапшырылды. Сатып алынган техникалардын жалпы суммасы 87 млн сомду түзѳт.

Долбоордун максаты айыл-чарбаны туруктуу ѳнүктүрүү жана суу ресурстарын башкарууну климаттык ѳзгѳрүүлѳргѳ ыңгайлаштыруу менен айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.

Долбоордун алкагында орточо кубаттуулугу 3,5 млн м3 болгон 3 суу сактагычты (Уч-Коргон БСРи Тоң районунда, Шамшы БСРи Кочкор районунда, Түгѳл-Сай БСРи Жумгал районунда) куруу мерчемделген, мындан сырткары Жети-Ѳгүз районунда Арабел-Суу дарыясынан Жуука дарыясына сууну которуп алуу, ошондой эле 125 км жаңы ирригациялык тутумдарын куруу каралган.

Суу сактагычтардын курулушу менен фермерлерге сугат сууну жеткирип берүүгѳ кепилдик пайда болот жана мындан сырткары 60 миң гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 14 миң 600 гектар жердин сугат суу менен камсыз болуусу жогорулайт. Натыйжада региондогу суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, долбоордун аткаруучу органы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий