• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана РФнын Эриш-аркак жылы: Бишкекте Санк-Петербургдун күндөрү өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бишкектин социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова Санк-Петербург делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар КРнын РФдагы, РФнын КРдагы Эриш-аркак жылынын алкагында Бишкекте 6-апрелден 9-апрелге чейин Санк-Петербургдун күндөрүн өткөрүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Программа эки бөлүктөн турат – иш жолугушуулары (тематикалык тегерек столдор, иш байланыштарынын биржалары, соода-экономикалык, илимий-техникалык, жана маданий кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны) жана россиялык артисттердин бишкектиктер үчүн маданий иш-чаралары.

Ошондой эле эки шаардын кызматташтыгын активдештирүү жана тереңдетүү максатында 2020-2023-жылдарга шаардык муниципалитет жана Санк-Петербургдун өкмөтү ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, жана маданий кызматташтык боюнча жол картасына кол коюу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий