• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Башкы прокурор ЖИА бизнес-ассоциация бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев ЖИА бизнес ассоциация юридикалык жактардын ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга ЖИА бизнес ассоциациясынын 38 өкүлү катышты.

Аталган жолугушууда Башкы прокурор Зулушев ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын приоритетүү багыты болуп эсептелинээрин билдирди.

"Укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдар ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишип же тоскоолдук кылышса күнү-түнү прокуратура органдарынын ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо багыты боюнча жемиштүү кызматташуунун зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий