• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Соттук отурум жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын куруу иши боюнча кезектеги отурум өтмөк.

Бирок, отурум айыпталуучу Сапар Исаковдун саламаттыгына байланыштуу өткөн жок. Исаков ооруканада дарыланып жаткандыгына байланыштуу аны отурумга алып келишкен эмес.

Отурум 10-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий