• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техника берилди

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техника берилди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинен КР Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү аземи Улуттук гвардиянын 10126 аскер бөлүгүнүн аймагында болуп өттү.

“Түрк тарабынан берилген аскердик багыттагы продукцияларга байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар кирет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарага КР коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР КК Улуттук гвардиясынын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө Т.Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап мындан ары кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий