• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Москва шаарындагы Жеңиш парадына катышты

Президент 0

Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Россияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь - Александр Лукашенко, Казакстан - Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан - Садыр Жапаров, Россия - Владимир Путин, Тажикстан - Эмомали Рахмон, Түркмөнстан - Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан - Шавкат Мирзиеевдер катышты.

Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбалолор чакырылган.

Жеңиш парады аяктагандан кийин Мамлекет башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий