• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эдил Байсалов Нарын облусундагы согуштун ардагерлеринен кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ат-Башы айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаров жана Кара-Суу айылында жашаган ардагер Тапа Керимкуловго барды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ал президент Садыр Жапаровдун атынан ардагерлерге Президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сомду тапшырды.

Эдил Байсалов аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалап, ардагерлердин эрдиктери, алардын эрдиктери эч качан унутулбастыгын баса белгиледи.

Сатынды Жапаров 98 жашта, 1943-жылы 17 жашында согушка аттанган. Согуштан кийинки жылдарда колхоздо, май заводунда иштеген.

Тапа Керимкулов 98 жашта, 17 жашында согушка аттанган. Согуштан кийинки жылдарда ички иштер органдарында жана энергетика органдарында иштеген.

Жумушчу сапарынын алкагында Минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Нарын шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган жыйын-реквиемге катышты. Мындан тышкары бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий