• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-жылы 713 бала асыроого берилген

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар. 2019-жылы 713 бала асыроого берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"2019-жылы 1 миң 55 бала мамлекеттин камкордугуна алынган. 713 бала асыроого берилген: анын 700ү – кыргызстандык үй-бүлө болсо, 13ү – чет өлкөлүк жарандар. Балдар үйлөрүндө жана интернаттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миң жетим бала болгон", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 2019-жылдын аягына карата 96 миң социалдык жактан корголбогон, абалы оор үй-бүлө катталып, анда 309 миң бала жашаган.

Пикир

Оставить комментарий