• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң рахмат! Голливуд жылдызы Наталья Орейро жаш кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун күнү менен куттуктады

Коом 0


Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда өкмөт үйүндө Кыргызстан балдарынын биринчи онлайн саммитинде голливуд жылдызы, актриса, ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси Наталья Орейро жаш кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуптап, ийгилик каалады.

Ал Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жаткан балдардын онлайн саммитине катышып жатканына абдан кубанычта экендигин билдирди.

“Бүгүнкү күндө дүйнөнүн булуң-бурчунда балдар жана өспүрүмдөр коронавирустун айынан жаңы реалдуулукка туш болушту. Бирок, бизде алар эмнелер туурасында сүйлөшүп жатканын угуп, алардан жаңы нерселерди үйрөнүп, алардын тажрыйбасы тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз ошондой эле келечек тууралуу чогуу кыялданып, балдар өз жамааттарындагы кырдаалды жакшыртуу үчүн кандай салым кошо аларын үйрөнсөк болот. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баарыңарга ТУМАР өнөктүгү үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Балдарга карата зомбулукту токтотуу зарыл. Кыргызстанда төрт баланын ичинен ар бир үчүнчүсү зомбулуктан жапа чегүүдө. Муну токтотуу биздин колубуздан келет. Өзгөрүүлөр сенден башталат. Чоң рахмат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий