• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропортунун төрагасы Шаршеев: Жүргүнчүлөрдүн ыңгайы жана коопсуздугу үчүн колдон келген чараларды көрүүдөбүз

Коом 0

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын төрагасы Бакыт Шаршеев аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди.

Цифралар сүйлөйт

Менин гана эмес, жалпы «МЭА» ААКнын аткарган иштеринин көрсөткүчүнө – сандар менен баа берсек болот, аны эч ким өзгөртө албайт эмеспи. Бүгүнкү күндө биз «МЭА» ААКнын тарыхында эң ийгиликтүү эсептелген – 2019-жылдын көрсөткүчүнөн ашкандыгын айткым келет. Финансылык жагынан гана алганда 2019-жылды 600 млн сомго ашырыптырбыз жана бул көрсөткүч боюнча токтоп калбайбыз. Ал эми биздин же болбосо жеке менин ишиме авиажүргүнчүлөр, анан албетте өлкө жетекчилиги өз баасын берет деп ойлойм.

Авиакаттамдар тууралуу

Президент Садыр Жапаров мага жаңы жетекчи катары учуулардын географиясын кеңейтип, авиакаттамдардын санын көбөйтүү аркылуу билеттердин баасын түшүрүү тапшырмасын койгон. Татаалдыктар болду, бирок, ага карабастан бул тапшырманы аткара алдык.

Биз каттамдардын санын жогорулатып, тимболбостон, буга чейин Кыргызстанга уча элек жаңы авиакомпаниялар менен кызматташууга жетиштик. Буга чейин авиаташуу жүргүзүлбөгөн жаңы өлкөлөргө жана шаарларга көптөгөн каттамдар ачыла баштады. Орусия багыты боюнча, бүгүнкү күндө бардык, анын ичинде миллиондогон эл жашаган чоң шаарлар - Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермь, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний-Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень жана башка шаарларга аба каттамдары аткарылууда.

Түркстанга (Казакстан) жаңы каттамдар ачылса, Шарджа, Кувейт жана Мешхедге (Иран) көптөн берки тыныгуудан кийин кайтадан учуулар жанданды.

Жаңы авиакомпаниялар «Северный ветер» жана «Россия» бизге келип кызматташып, Орусиянын чоң шаарларына түз каттамдарды камсыздашууда, ошондой эле казакстандык лоукостер «ФлайАрыстан» да жаңы компаниялардын санын толуктады.

Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропорту да көп ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө ал жерде жума сайын 23 каттам аткарылууда (6 ички жана 17 эл аралык). Буга чейин каттамдар жайкы мезгилде гана учушса, азыр Новосибирск, Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана башка Россиянын шаарларына каттамдар жыл боюу аткарылууда.

Ошондой эле «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Тамчы-Москва маршруту боюнча жумасына 3 ирет туруктуу уча баштады. Бул эл аралык деңгээлдеги авиакомпаниялардын «Ысык-Көл» аэропорту учуулардын коопсуздугу жана тейлөөнүн сапаты боюнча бардык талаптарга жооп бергендигин ырастагандыгын билдирет.

Ички каттамдар тууралуу

Эл аралык гана эмес, ички аба каттамдардын саны өскөндүгүн кошумчалагым келет. Мисалы, «Баткен» жана «Исфана» аэропортторуна жумасына 3 ирет каттамдар жүргүзүлүүдө, ошону менен жүргүнчүлөрүбүз өлкөнүн алыскы аймактарынан борборго 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. «Ысык-Көл» аба дарбазасы Ош жана Жалал-Абадттан каттамдарды кабыл алууда. Биз бул багытта токтоп калбастан, аракетибизди дагы улантмакчыбыз.

Билеттердин баасы тууралуу

«МЭА» ААКнын авиабилеттердин баасынын түзүлүшүнө эч кандай тиешеси жок экендигин белгилегим келет. Бирок, ага карабастан биз колдон келишинче баалардын ылдыйлашына таасир этүүгө аракет кылдык: учуулардын географиясын кеңейтип, каттамдардын санын жогорулаттык, жыйынтыгында авиакомпаниялар арасында мыйзамченемдүү атаандаштык жаралып, билеттердин баасы мурдагыдан түштү. Эгерде 2020-жылдын аягы, 2012-жылдын башында Москвага билет 85 миңге чейин болсо, бүгүнкү күндө баа 25 – 32 миң сомду түзөт. Бул да болсо биздин компаниянын эмгеги. Албетте баалар ковидге чейинки көрсөткүчтөрдөн жогору, бирок аталган багытта иштер уланууда.

Унаа токтотуучу жай тууралуу

«МЭА» ААК жарандардан келген көптөгөн арыздарды жана кайрылууларды карап чыгып, жетектөөчү компанияга бекер 15 мүнөттү кайрып берүүсүн сунуштады. Компания буга макул болду.

Жүргүнчүлөрдүн жана узатуучулардын ыңгайы үчүн бир нече жума мурда эстакада ачылган. Ал күнү-түнү иштейт жана ага акы төлөнбөйт. Эми биринчи кабатта тыгын болбой, пандемия шартында коопсуздук чаралары да дыкат сакталмакчы.

Андан тышкары, аэропорттогу жолдун кийинки бетинде альтернативдүү унаа токтотуучу жай бар: саатына – 40 сомдон, алгачкы 15 мүнөтү бекер. Анын жанында толугу менен бекер дагы бир унаа токтотуучу жай каралган.

Ошондуктан, бул жерде жүргүнчүлөрдүн укугун чектөө боюнча сөз да болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче, биз жарандардын коопсуздугу жана ыңгайы үчүн колубуздан келген чараларды көрүүдөбүз.

Кызматкерлердин маянасы тууралуу

Мен буга чейин дайым баса белгилеп келгендей, биздин негизги капиталыбыз бул – биздин кызматкерлерибиз. Эгерде пандемиянын башталышында бизден көз каранды эмес себептерден улам айлык акысын кечеңдеткен болсок, учурда өз убагында, сый акысы менен кошо берүүдөбүз. Тилекке каршы, 10 жылдан бери кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлгөн эмес, бул маселени чечүүгө бүт аракетимди жумшап, буйруса ал күн алыс эмес деп ойлойм. Анткени кызматкерлерибиздин жакшы маяна алуусу – биз үчүн өтө маанилүү маселе.

Инвесторлор тууралуу

«Манас» аэропортунун учуу-конуу тилкелерин реконструкциялоо пландарыбыз бар. Аэропорт түптөлгөндөн бери , тилкелер боюнча майда барат гана иштер жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө аны реконстукциялоо үчүн 70-90 млн доллар каражат талап кылынат. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыкты сунуштарды карап жатабыз. Бул багытта олуттуу иштер күтүлүүдө.

«МЭА» ААК бул - «Манас» аэропорту гана эмес, ошондой эле аймактык 11 аэропортту өзүнө камтыйт, алар да учуу тилкелеринин оңдоо-түзөө иштерине муктаж. Биз түрк инвесторлорун

Аткарылуучу пландар

Биз 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиялык планын иштеп чыкканбыз. Ага учуу – конуу тилкелерин жакшыртуу кирет, бул пландын аткарылышы аэробекеттерибизди эл аралык деңгээлге көтөрөт, ошондой эле жаңы заманбап техникаларын сатып алуубуз зарыл.

Ошондой эле мамлекеттик "Эйр Кей Жи" авиакомпаниясы менен байланышкан дагы бир жакшы долбоорубуз бар. Компания учурда №1 борттун литердик каттамдарын гана аткарууда. Каттамды өлкө президенти жана мамлекеттик делегация колдонушат.

Өлкө жетекчилиги менен бул авиакомпания үчүн учактарды алып, ал алгач ички каттамдарды тейлет деген чечимге келгенбиз. Эл аралык каттамдар менен кошо ички каттамдарга да баалар өсүп, ылдый түшө элек. Эгерде биздин мамлекеттик Эйр Кей Жи компаниясы кошумча учактарга ээ болсо, анда ички каттамдарга билеттин баасы ылдыйлап, атаандаштыктын негизинде башка авиакомпаниялар да бааны түшүрмөкчү. Буйруса, жакынкы арада жарандарыбызды жаңы учактар жана билеттерге болгон ылдыйкы баалар менен кубанта алмакчыбыз деп үмүттөнөм.

Пикир

Оставить комментарий