• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жазаларды аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Эртеңден баштап Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Коомдук коопсуздукту камсыздоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана туруктуулукту сактоо максатында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүмдөрүндө жаңы жылдык майрамдарга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 29-декабрынан 2019-жылдын 8-январына чейин жеке курам күчөтүлгөн тартипте иштейт”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жазаларды аткаруу кызматындагы көзөмөл өткөрмө пункттарында өткөрүү тартибин күчөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий