• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-январга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; градус, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз 0...2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий