• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Футбол талаасына алгачкы жолу чыккан 17 жаштагы оюнчу тогуз мүнөттөн кийин оор жаракат алды (видео)

Спорт 0


Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Футбол боюнча Мексиканын чемпионатынын үчүнчү турунда "Пачуки" командасынын жарым коргоочусу Эухенио Пичуто Пуга беттеш учурунда оор жаракат алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Мексика чемпионатында "Пачуки" командасы "Леон" клубу менен беттеш өткөргөн. Оюндун 59-мүнөтүндө эсеп 3:0 ("Леон" алдыда) болуп турганда футболдук талаага 17 жаштагы Пуга чыккан.

Пичуто Пуга алгачкы жолу чоңдор арасындагы футболдук беттешке чыккан. Тогуз мүнөт өткөндөн кийин жаш оюнчу талаанын ортосундагы топту буту менен токтотууга аракет жасаган. Бирок аракети ийгиликтүү болбой, бутунан жаракат алган. Пуга көзүнө жаш алып талааны таштап кеткен.

Беттеш өзгөрүүсүз 3:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий