• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Өзбекстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын (U-20) жаштар курамасы Өзбекстандын “Андижан-2” командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн Түркия жана Сириядагы жер титирөөдө каза болгондорду эскерүү менен башталып, 3:2 эсебинде Кыргызстандын командасынын жеңиши менен аяктады. Голдорду Кими Мерк, Биймырза Жеңишбеков, Эламан Акылбеков киргизди.

Эскерте кетсек, беттеш 1-марттан 18-мартка чейин Ташкентте өтө турган U-20 Азия кубогуна даярдыктын алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий