• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди

Спорт 0

Жлобин, 13.08.23./Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча жаштар курама командасы Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңди.

Самбо боюнча мелдештер 12-августтан 13-августка чейин Беларустун Жлобин шаарында өтүп жатат.

Мелдештин биринчи күнүндө 58 кг чейинки салмакта Кайрат Жусуп уулу жана 88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу күмүш медаль тагынды. Ошондой эле кыздар арасында 72 кг чейинки салмакта Динара Камчыбекова коло медалга ээ болду.

Бүгүн, 13-августта килемге 64 кг чейинки салмакта Белек Бараканов, 79 кг чейинки салмак категориясында Феликс Уланбеков жана 98 кг чейинки салмакта Артур Сансызбеков чыгат.

Ал эми кыздар арасында 65 кг чейинки салмакта Мырзайым Дүйшөнбекова, +80 кг салмакта Таттыгүл Улукбек кызы килемге чыгат.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий