• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш: 6 балбан коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. "Бишкек Арена" муз аянтчасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин алгачкы күнүндө 55, 60, 63,67, 87,97 жана 130 кг салмак категориясындагы балбандар күч сынашууда.

Квалификациялык беттештердин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык 6 балбан коло медаль үчүн күрөшөт:

60 кг— Балбай Дордоков- Ернар Фидахмедов (Казакстан);
60 кг — Афтандил Таалайбек уулу - Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад (Иран);
63 кг — Баяман Каримов - Дастан Кадыров;
87 кг — Азат Салидинов- Нурсултан Турсунов (Казакстан);
97 кг — Бексултан Махмудов- Жантас Нургалы (Казакстан).

Белгилей кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш Бишкек шаарында 1,4-июнда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий