• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чемпиондор лигасы: “Манчестер Сити” командасы “Реалды” утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын алгачкы оюнунда англиялык “Манчестер Сити” командасы испаниялык “Реал” менен оюн өткөрдү.

“Этихад” стадионундагы беттеште англиялык клуб “Реалды” 4:3 эсебинде жеңип алды. “Манчестер Сити” командасы үчүн жеңишти Бернарду Силва алып келди. Ал оюндун эсеби 3:3 болуп турганда, беттештин 74-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына гол киргизди.

Эки команданын жооптук беттеши 4-майда Бишкек убактысы менен саат 01:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын жарым финалына “Манчестер Сити”, “Реал”, “Ливерпуль” жана “Вильярреал” командалары чыккан.

Пикир

Оставить комментарий