• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” улуттук академиясында Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган кеңешме өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Кечээ, 26-апрелде, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында “Чыңгыз Айтматов: көркөмдүк-эстетикалык, философиялык таанымдар” аттуу темада кереге кеңеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган жыйынды академиянын президенти Талантаалы Бакчиев ачып берип, жазуучунун чыгармачылыгынын 70 жылдыгын белгилөөнүн маанилүүлүгүнө кеңири токтолду.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эң алгачкы чыгармасы “Газетчи Дзюйо” 1952-жылы 6-апрелде “Комсомолец Киргизии” газетасында, ошол эле жылдын соңуна чейин “Биз андан ары барабыз”, “Киргизстан” альманахына “Ашым” аңгемелери жарык көргөн. Залкар жазуучу дал ушул аңгемелери менен адабиятка кадам таштаган.

Иш-чарага жазуучунун чыгармаларынын котормочусу Абибилла Пазылов, филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов, Саматбек Темиралиев, филология илимдеринин кандидаты, “Манас” жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын Айтматов таануу бөлүмүнүн башчысы Кайркул Касымалиева, адабиятчы, жазуучу Папан Дүйшөнбаев, Чыңгыз Айтматовдун жээни Асан Акматов жана башка изилдөөчү-окумуштуулар жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери, студенттери катышты.

Кереге кеңеште катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун улуттук маданиятка, дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын белгилешип, анын чыгармачылыгын изилдөөдөгү көйгөйлөр, окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн жазуучунун чыгармачылыгына арналган соңку изилдөөлөрү жана кызыктуу баяндамалары, эскермелери менен бөлүшүштү.

Жыйын эркин форматта өтүп, суроо-жооп түрүндө талкуу менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий