• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ажылык-2023. Сапарга баруу үчүн 5,9 миңден ашуун кыргызстандык баштапкы төлөмдөрдү төлөдү

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө банкка жалпысынан 5 миң 960 адам ажылык сапарына баруу үчүн баштапкы төлөмдөрүн төлөдү. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйыл 6000 квота бөлүнгөн.

Ведомстводон белгилешкендей, бүгүн, 21-февралда төлөмдөрдү кабыл алуу РСК банкында саат 11:00гө чейин жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, квотадан ашып кеткен жарандар ажылыктын электрондук базасында кезекте калат.

Пикир

Оставить комментарий