• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 36 жылдан берки температуранын рекорду жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 25-декабрда ушул күндүн температурасынын рекорду жаңыланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, кечээ борбор калаада абанына табы 18 градуска чейин көтөрүлдү.

Ошентип, көрсөткүч ошол күндөгү максимумдан ашты. Бул күндүн эң жылуу кышкы күнү 1987-жылы катталган, анда абанын температурасы +16,2 градус болгон.

Пикир

Оставить комментарий