• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган.

ӨКМден билдиришкендей, Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 өрт катталган.

Атап айтсак, Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Чек айылында турак үйдүн 1 бөлмөсүнүн 12 чарчы метр шыбы, үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий