• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокат районунун аймагында эки заводдун курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн аймагында таш майдалоочу заводдун жана асфальт-бетон чыгаруучу заводдун курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 80 тоннаны түзөт. Курулушка 10 гектар жер каралган.

Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, жеринде тиешелүү жетекчилер менен курулуштун кээ бир аспектилерин талкуулады.

Жыйынтыгында облус башчысы жергиликтүү бийликке курулуш иштерине ар тараптуу жардам берүү тапшырмасын берип, курулуш аяктаганга чейин жеке көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Завод "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы тарабынан курулууда.

Белгилей кетсек, жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө дагы салым кошот. Алар аймакты жол куруу үчүн сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда негизги ролду ойноп, экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий