• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санкт-Петербургдагы ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча 20га жакын документке кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Күн мурун, 25-декабрда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

-“ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол картасы”)” тескеме.
-Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясы.
-Евразия экономикалык бирлигинин 2024-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттары жөнүндө чечим.
-“Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы жөнүндө” чечим.
-"Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда жеке курам жана милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө" чечим.
-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө” тескеме.
-"2024-2025-жылдарга карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" чечим
-Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө 2017-жылдын 11-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.
-"Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
-"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
-"Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечим.
-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жакындаштырууга тийиш болгон табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жөнүндө” тескеме.
-"Евразия экономикалык бирлигинин органдарына төрагалык кылуу жөнүндө" чечим.
-"Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьяларынын кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө" чечим.
-"Евразия экономикалык бирлигинин бюджети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечим.
-"Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" чечим.
-"Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

Пикир

Оставить комментарий