• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СӨМ менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

ЕАЭБ 0


Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) ортосунда санариптик трансформация тармагындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен Евразия өнүктүрүү банкы башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов кол койду.

Меморандум Кыргызстанда кырсыкка чыдамдуу контейнердик маалыматтарды иштетүү борборлорун куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий