• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында өткөрүү пункттарын жайгаштыруу боюнча өз милдеттенмелерин аткарды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстан ЕАЭБге кирүүнүн алкагында бардык 14 өткөрүү пунктун жайгаштыруу жана жабдуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарды.

Ведомстводон билдиришкендей, юажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруу жана материалдык жактан жабдуу боюнча чараларды Кыргызстан ЕАЭБдин тышкы чек арасында өткөрүүсү зарыл болгон.

26-марттан 27-мартка чейинки мезгилде Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан «Кызыл-Бел» автоунаа өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын элементтеринин жайгаштырылышына жана материалдык-техникалык жактан жабдылышына мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторинг Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелердин алкагында жүргүзүлдү.

Комиссиянын мүчөлөрү ошондой эле бажы контролунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоонун негиздери боюнча окутуудан өткөн Кыргызстандын бажы кызматынын кызматкерлеринин даярдыгына жогору баа беришти.

Пикир

Оставить комментарий