• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Баткен облусунда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер талкууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери боюнча маалымат берүү жана түшүндүрүү кампаниясы жүрүүдө.

Бул багытта Баткенде өткөн жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттерин ишке ашыруу боюнча президенттин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев, облус активи, жергиликтүү активисттер, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын кызматкерлери да катышты.

Алгач Баткен облусунун туристик потенциалы жөнүндө видео тасма көрсөтүлдү.

Андан соң президенттин “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” жөнүндө Жарлыгы жана министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Концепция жана Жол картасын талкуу болду.

Тоолорду өнүктүрүү — бул тоолуу аймактарда жашаган калктын экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер.

Тоолуу региондор болсо — рельефи, климаты, жаратылыш чөйрөсү жана жеткиликтүүлүгү менен шартталган өзүнүн уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар, аймкак болуп саналат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жыйында сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду.

"Президенттин "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгынын кабыл алынышы жаратылыш ресурстарына жана маданий мурастарга бай болгон тоолуу региондорубуздун уникалдуу жана баалуу бөлүгүн сактап, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүгө чоң өбөлгө болот”, - деди ал.

Бул жарлыктын негизинде Баткен облусунда иш-аракеттердин планы кабыл алынган.

Ага ылайык, “жашыл” экономиканы жана технологияны жайылтуу, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билимди өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактарда кырсыктардын алдын алуу боюнча чаралар каралган.

Белгилей кетсек, облус аймагында Баткен, Үч-Коргон, Лейлек, Арка токой чарбалары, “Саркент” Улуттук жаратылыш паркы, “Сурма-Таш” мамлекеттик коруктары өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп, жалпысынан 500 миң гектардан ашуун токой фондун өнүктүрүүнүн үстүндө иш жүргүзүлүп келүүдө.

Жыйында тоолуу аймактардын ар тараптуу өнүгүүсү, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртаары белгиленип, бул багытта туризм жана айыл чарбасы артыкчылыктуу багыт катары каралды.

Пикир

Оставить комментарий