• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акцияга катышпай, балдарды көзөмөлдөгүлө. Эмгек министрлиги Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу популярдуу мессенджерлер аркылуу, Россиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Ошол эле учурда министрлик террордук актыга катышуу Россия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий