• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айкөл конушунда "акылдуу" электр эсептегичтер орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Айкөл жаңы конушунда акылдуу электр эсептегичтер орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлги билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, анын сапатын жакшыртуу максатында Аламүдүн РЭТине 3600 даана акылдуу эсептегич берилген. Бүгүнкү күндө алардын 2100 даанасы орнотулуп бүттү.

Акылдуу эсептегичтин эски эсептегичтен айырмасы – бул көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө жана реалдуу убакытта компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Мындан тышкары, акылдуу эсептегич орнотулган кардарларды аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий