• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үмүтүбүз акталган жок — Таркович Таиланд менен беттеш тууралуу

Спорт 0

Бишкек, 17.01.24./Кабар/. Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы "Ак шумкарлардын" Таиланд менен болгон алгачкы беттеши тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, Таиланд улуттук курама менен бирдей деңгээлде ойногон курама.

"Бирок, командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көрсөттүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду", — деди Таркович.

Башкы машыктыруучу оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүү керектигин баса белгиледи.

"Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Аравиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз", — деди ал.

Улуттук кураманы алдыда дагы Сауд Аравия (21-январь, саат 23:30) жана Оман (25-январь, саат 21:00) курамалары менен оюн күтөт.

Эске сала кетсек, 16-январда 2023-жылкы Азия Кубогунун "F" квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну өттү.

Беттеш Катардагы Абдулла бин Халиф стадионунда болду. Оюн 2:0 эсебинде Таиланддын курамасынын пайдасына чечилди.

Пикир

Оставить комментарий