• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча 11 журналист кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.24./Кабар/. Массалык башаламандыкка чакыруу менен козголгон кылмыш иши боюнча шектүүлөр камакка алынды, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматына караганда, 2023-жылдын 30-декабрында интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда, «Айт Айт Десе» жана Temirov Live интернет-аянтчаларында жайгаштырылган массалык башаламандыкка чакырган маалыматтар табылган.

Бул окуя боюнча ИИМдин КБРинде катталып, Тергөө кызматы тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

2024-жылдын 12-январындагы экспертизанын корутундусуна ылайык, «Айт Айт Десе» жана Temirov Live баракчаларында жарыяланган материалдарда нааразылык акцияларына жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды камтыган маалыматтар экендиги такталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 16-январында аталган кылмыш ишинин алкагында, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Жогоруда аталган жарыяланган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фото аппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылган.

ИИМдин Тергөө кызматына 1994-ж.т. А.Т., 2001-ж.т. Б.А., 1997-ж.т. И.А., 1972-ж.т. С.С., 1993-ж.т. Б.Ж., 1994-ж.т. К.М., 1990-ж.т. А.С., 1991-ж.т. О.А., 1992-ж.т. Т.Ж., 1992-ж.т. Т.М. жана 1991-ж.т. Т.М. алынып келип, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен алар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий