• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда унааны уурдай качкан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Жалал-Абадда унааны уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-майда Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине 1955-жылы туулган А.К. атуу жаран арыз менен кайрылып, 27-май күнү 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө токтоп турган “Деу-Нексия” үлгүсүндөгө автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.К. аттуу жаранды кармашып, тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий