• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарына заманбап билим берүү комплексин куруу долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 30.05.23./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков баштаган РФдан келген жумушчу топту кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардын билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде РФ тарабынан заманбап билим берүү комплексин куруу долбоорунун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий