• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын мэри ишкерлер менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков өндүрүштө, соода-сатык, кайра иштетүү, тейлөө жаатында иш жүргүзгөн ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин биринчи орун басары Нурбек Сатаров, шаардык прокуратура, ички иштер бөлүмү, салык кызматынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Эрнисбек Ормоков ишкерликти ар тараптан коргоо, инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, муниципалитеттин ишинин артыкчылыктуу багыттары бизнес чөйрөсү менен өз ара аракетти күчөтүү менен ачык-айкын багытта кызматташуу экендигин баса белгиледи.

Ал эми Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев курулуш жаатында иштеп жаткан ишкерлерди коопсуздук эрежелерин сактоого, зарыл болгон документтерди үй курганга чейин даярдоосу зарыл экенин белгилеп, жашоочулар үчун ыңгайлуу шартта курулуш жүргүзүугө чакырды.

Жалал-Абад шаарынын прокурорунун орун басары Тынчтыкбек Кенжебаев баяндама жасап, прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыттардын бири ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо экендигин баса белгиледи.

Ишкерлер тарабынан салык төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди кароо, кесиптик лицейлердин адистерди даярдоодо практикалык көндүмдөр менен тейлөө, курулуш жаатында кард даярдоо, ички өндүрүмдөрдү колдоо тактап айтканда ата мекендик өндүрүшкө басып жасоо менен бири-бирине болгон колдоо сунуштары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий